• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандыктар орточо 70,9 жыл жашайт

13 Бирдин айы 201917:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түзүп, Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтүн арасына кирди. Бул тууралуу Global Burden of Disease изилдөөсүндө айтылат.

Эң начар көрсөткүч Түркмөнстанда, жашоонун орточо узактыгы 70,4 жаш.

Борбор Азияда эң узак жашагандар Өзбекстанда, алардын орточо жашоо узактыгы 73,8 жаш. Тажикстанда 73,7, Казакстанда 72,4 жаш.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча дүйнөдө эң узак жашагандар Гонконгдо, алар 84,3 жашка жетет. Кийинки катарда Жапония менен Италия турат.

Теги:
Количество просмотров: 21