• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстандын курама командасы Бишкекке учуп келди

18 Кулжа 202113:04 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын айрым футболчулары Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калган футболчулары чет жактагы өздөрү ойноп жаткан клубдарына учуп кетишти.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында бир катар беттеш өткөргөн. Кыргыз футболчулар F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан.

Бирок курама команда тайпада 10 упайы менен үчүнчү орунга илинип, Дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо туруна өтпөй калган.

Жакынкы күндөрү 2023-жылы боло турган Азия кубогундагы командалар арасында чучукулак кармоо болуп, Кыргызстандын курамасынын атаандаштары белгилүү болот.

Количество просмотров: 327