• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга авиатранспорт аркылуу келген жарандар ПЧР-анализ менен өлкөгө киргизилет

24 Үчтүн айы 2021 18:56 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу милдеттүү.

Аталган чечим Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатындагы жогорулатылган коопсуздук чараларына байланыштуу кабыл алынган.

Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинини бортунда жүргүнчүлөрдү сурамжылоо өткөрүлөт, келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы, ПЧР-иликтөөсүнүн бардыгы текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт.

Кандайдыр-бир себептер боюнча ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамасы жок болсо, же ПЧР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусуна байланыштуу обьективдүү себептер боюнча өтүп кетсе (72 саат), ал жактар келген орду (аэропортто) боюнча ПЧР-иликтөөдөн өтүүсү тийиш.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар автомобилдик пункттар аркылуу кесип өтүүсүндө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамалары болушу зарыл. Дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда госпиталдаштыруу жүрөт. Контакттык жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт. 

Количество просмотров: 48