• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанга Европадан туристтик поезд келди 

21 Чын куран 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Европадан туристтер менен туристтик поезд келди, деп билдирет «Кыргыз темир жолу» УК” МИнын маалымат кызматы.

Бул турпоезддин экинчи каттамы, былтыр сентябрь айында ушундай эле туристтик поезд коноктор менен Кыргызстанга келген.

Чет элдик конокторду мекеменин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты.

Жалпысынан Европадан 60 ашуун турист келди, алар Кыргызстанда 2 күн болушат, андан соң Казакстанга кетишет.

«Туристтердин программасы бай – бул өлкөнүн кооз жерлери менен таанышуу жана кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын кыдыруу, Кыргызстандын берметине – Ысык-Көлгө баруу», деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын август айында «Lernidee Erlebnis Rreisen» туристтик компаниясынын өкүлдөрү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик тур өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү алкагында «Кыргыз темир жолу» коноктордун каалоосун эске алуу менен өлкө ичинде темир жол менен жүрүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөттү.

Количество просмотров: 124