• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга Оренбургдан 23 автобус менен 1356 жаран кайтып келди

7 Баш оона 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта Россиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2456 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы КР жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Количество просмотров: 70