• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Кырк чоро» Бишкек мэринин отставкасын талап кылган митинг уюштурат

10 Жалган куран 201913:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.03.2019. Govori.TV

«Кырк чоро» деген аталышта таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.

Уюмдун мүчөлөрү 8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Акцияга «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.

Булак: «Азаттык»

Теги:
Количество просмотров: 28