• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)

26 Бугу 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-майда КРнын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондук армиясы тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө берилген аскердик-техникалык каражатты салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР коргоо министри Таалай Өмүралиев, Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө генерал-майор Т.Өмүралиев жана элчи Д.Дэвень аскердик каражаттардын үлгүлөрү менен таанышып, алардын техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты.

Иш-чаранын аягында коргоо ведомствосунун башчысы Кытай Элдик-боштондук армиясына көргөзгөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө ишеним артты.

Аскердик-техникалык жардам КР менен КЭРдин куралдуу күчтөрүнүн ортосунда мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, аскердик-техникалык жардам акысыз негизде берилди.

Количество просмотров: 821