28-мартта Саламаттык сактоо министрлиги Кытай элинен келген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктерине тапшырды
Анын ичинде респиратордук беткаптар (1600 даана), бир жолку беткаптар (45 миң даана) жана коргоочу костюмдар (700 даана).
Калган каражаттар жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат.
Эске салсак, 25-мартта Кытай биздин медиктерге 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.