• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кытай төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

11 Бирдин айы 201914:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин расмий сапарына даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жолугушуусунда айтылды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин расмий сапарына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Теги:
Количество просмотров: 36