• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайда чыккан жаңы вирустан бир адам көз жумду

25 Жалган куран 2020 13:09 Бишкек Govori.TV

Кытайда чычкандардан адамдарга жуккан хантавирус аныкталган бир кишинин каза болушу, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы пайда болгон өлкөдө жаңы жугуштуу оору кооптонуусуна алып келди.

Кытайдын расмий берүү органы Глобал Таймстын кабарларында өлкөнүн түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында хантавирус аныкталган бир кишинин иш үчүн Шандонг облусуна саякат кылып бара жатканда автобуста көз жумганы маалымдалды.

Кабарда автобуста орун алган 31 кишиден дагы тест алынганы белгиленди.

Глобал Таймстын кабарынын артынан социалдык медиада жаңы жугуштуу оорунун пайда болгонунун жорумдары жасалды, Твиттерде «Хантавирус» этикеткасы дүйнө жүзүндө тренд болду.

Чычкандарга же чычкандын заарасы, түкүрүгү же заңына тийүү менен адамдарга жуккан хантавирустар, «Хантавирус Өпкө синдрому» (HPS) аты коюлган ооруга алып барууда. Адамдан адамга жукпаган хантасирус эпидемия корунучун жаратпайт.

Булак: trt.net.tr

Количество просмотров: 1826