• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайда мейманкана урап, бир нече адам көз жумду

13 Теке 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

Кытайдын Сучжоу шаарында мейманкана урап, кеминде сегиз киши көз жумду, он чакты адамдын дайыны белгисиз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, белгисиз жоголгондорду издөөгө жана куткаруу иштерине атайын техника, иттер тартылды.

Бийликтин маалыматына караганда 12-июль күнү мейманкана күтүлбөгөн жерден урап калган. Ага эмне себеп болгону белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

15тей адам ооруканага жеткирилгени кабарланды. Өлкө чыгышындагы Жиаңсу провинциясынын бийлиги башка мейманканалардын коопсуздугун текшерүүнү буйруду.

Количество просмотров: 243