Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жакында кытай миграциясына каршы митингди ким уюштурганы боюнча үн катып, учурда иликтөө иштери жүрүп, такталып жатканын айтты.
«Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы учурда болгон митинггдер боюнча кармалгандар жоопкерчиликке тартылды. Ал эми булардын артында ким турганы иликтенүүдө»,- деди министр.
Эске салсак, ИИМ министри Кашкар Джунушалиев 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.