• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыздарды кыска кийип,тамеки чегүүгө үгүттөгөн «Гүлайым»

6 Бештин айы 2018 14:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.12.2018. Govori.TV

Кыргыз коомунда дагы бир башталгыч класстын окуучуларына арналып 2007-жылы басылып чыккан китеп талкууга түштү.

Ал жерде  “Гүлайым” деген тема менен жазылган ырдын жанындагы сүрөттө киндиги ачылган, колуна тамеки кармап турган кыздын элеси тартылган. Сүрөттө жанында турган үч кызга салыштырмалуу тамеки кармаган кыздын жашы бир топ улуу экени байкалат. Кыргызда “Эжени көрүп сиңди өсөт”,-деген макалга туура келбеген бул китеп 2007-жылдан бери (дээрлик 10 жыл) мектептерде окутулуп келген.

Бул маалыматты искусство таануучусу Алтын Капалова  5-декабрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тараткан.

Ал эми билим берүү жана илим министрлиги бул китеп окуу программасынан алына турганын айтат.

Эскерте кетсек, буга чейин мектептерде колдонулган китептер боюнча дагы коомдо кызуу талкуу жүрүп, аталган министрликке болгон нааразычылыктарды күчөткөн. Бирок министрлик бул каталар үчүн жооптуу эмес экенин айтып, басмаканалар жоопту экенин билдирип келген.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева,

«Мен ар бир китепти карандаш менен текшерип отура албайм. Биз билим берүүнүн стандарттарына шайкештигин гана текшеребиз. Каталар үчүн басмаканалардын үстүнөн  арыз бергени жатабыз», — деген пикирин «Спутник» радиосуна маек берип жатып айткан.

 

 

 

Количество просмотров: 37