• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кызды башка тепкен жаранга «майда бейбаштык» беренеси менен иш козголду

12 Жетинин айы 2021 9:49 Бишкек Govori.TV

 Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы Көк-Жар айылындагы ресторанда ур-токмокко кабылган фотограф кыздын окуясы тууралуу маалымат билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 2002-жылы туулган жаран Б.М. кайрылган. Арызда Көк-Жар айылындагы ресторандын ичинен белгисиз адам тарабынан эч себепсиз сабалганы жазылган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралрынын натыйжасында белгисиз аамдын өздүгү аныкталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралрынын натыйжасында белгисиз адамдын аты-жөнү такталып, ал 1994-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынганда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын кортундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.10-ноябрь күнү шектүү Э.А. жаранына кабарлоо берилген. Учурда бардык керектелүүчү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сотко материалдар жиберилет», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 781