• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыздын формасын “бомба” деген Зилалиев шарттуу түрдө 3 жылга соттолду

18 Тогуздун айы 2018 19:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга соттоду.

Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 63-беренесинин негизинде 2 жыл сыноо менен шартуу түрдө жаза өтөйт жана бул аралыкта ала эч жакка чыга албайт, дайыма көзөмөлдө болоору белгилүү болду.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Зилалиевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирип, соттон айыпталуучууну 2 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөсүн өтүнгөн.
Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев “бомба” тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Зилалиев башында бул маалымат “карандай калп” деп айткан. Кийинчерээк чын эле инагурация күнү президент өтчү чоң жолдо бара жатканда курсант кызга эскертүү иретинде форма жакшы жарашат экен. Бирок кемчиликтерди жоюш керек деп айткам. Ал таарынып калып “бомба” тууралуу жомокту ойлоп чыгыптыр деп айткан
Количество просмотров: 30