• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

«Өлө элек аюнун» териси менен келе элек Бакиевдин акчасы…

26 Бирдин айы 2019 16:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.


Кыргыз өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосунда «Курманбек Бакиевдин режиминде чыгарылган активдерди кайтаруу» келишимине кол коюлду.

Документте кыргыз Өкмөтү $4,5 миллион долларды калктын кызыкчылыгына жумшай тургандыгы камтылган. Каражат саламаттыкты сактоо тармагына жумшалат.

Суу куурлары курулат. Каражаттын бир бөлүгү коррупцияга каршы күрөшүү программасын ишке ашырууга жумшалат.

Эске салсак, Евгений Гуревич былтыр «Азаттыкка» маек берип, Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин айткан.

2014-жылы экс-Баш прокурор Аида Салянова АКШда кесиптештери менен Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалар менен активдерди кайтаруу жолдорун талкуулашкан.

Делегациянын курамында учурдагы экономика министри ошол кезде Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Б Жээнбаева дагы болгон.

Ал эми Курманбек Бакиев өзү былтыр «Кабар» агенттигине маек берип, 2010-жылы «ич кийиминен» бери алып кетишкенин айткан эле.

Теги:
Количество просмотров: 10