• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунун курулушу кандай жүрүүдө?

28 Жетинин айы 202510:51 Бишкек Govori.TV

Лебединовка-ГЭС 5 жолунун 4,4 чакырымына асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.

Ошондой эле, долбоордо каралган тротуар куруу, жарыктандыруу жана чоң көпүрөнү оңдоо иштери уланат.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулуп, ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат.

Количество просмотров: 83