Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV
Күнөлүүнү катуу жазалоо кылмыштуулукту азайтпайт
Кылмыш кылганы үчүн ал жаранды камоо же уруу жана башка катуу чараларды колдонуу туура эмес. Мындай пикирин сот- укуктук нормаларын реформалоого байланыштуу суроолорго жооп берүү үчүн журналисттер менен жолугушууда юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова билдирди.
Анын билдирүүсүнө ылайык өнүккөн мамлекеттер мындай чаралардын ордуна бир катар жеңилдиктерди киргизген. Анын натыйжасында экономикасына дагы пайда келүүдө.