Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.
6-сентябрь издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден саат 07:30да жалпы 16 куткаруучу тартылып, издөө жүрүүдө.
Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында саат 08:30да куткаруучулар тартылып, издөө уланууда.