• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөдө коронавирус оорусун кайрадан жуктургандар барбы? Министрликтин жообу

20 Тогуздун айы 2020 12:45 Бишкек Govori.TV

Коронавирусту кайра жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Эгер жаран коронавирустун башка түрүн жугузуп алса же башка штаммдары чыккан учурда гана кайрадан жуктуруп алды деп айтса болот. Биздеги учурлар кайталанып эле ооругандар. Дарыланып чыкса дагы вирус организмде антитела пайда болгонуна карабастан көпкө сакталып калууда. Начар дарыланып калган учурда да оору кайра чыгып калышы мүмкүн. Штаммдарды жакшылап текшерүү үчүн Россия, Германияга жиберип жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев ошондой эле Дүйнөдө коронавирусту кайра жуктуруп алган аз гана учур катталып жатканы менен мисал келтирди.

«Муну лабораториялык жактан тыкыр көзөмөлдөп чыгыш керек. Адам ооруп калганда кайсы штаммдардан турган вирус экени аныкталат. Башка түрү табылса, анда кайра жуктуруп алды деп айта алабыз»,-деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттик санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашев Бишкекте коронавирусту кайра жуктуруп алган алгачкы 2 учур катталганын 19-октябрда мэриядагы жыйында билдирген болчу.

Количество просмотров: 128