• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Логистикалык борбор: Келишимдеги талаптар аткарылбай калса, ижара мөөнөтү өзгөрбөйт

10 Бирдин айы 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдеги талаптарды кыргыз тарап аткара албай калса, ижара мөөнөтү өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда маалымат жыйын учурунда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестиция бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев билдирди.

«Ат-Башы аймагынан 176 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Аталган жер мамлекеттин менчиги ошондуктан Кытайга өтүп кетет дегенден алыспыз. Ал эми эки компаниянын ортосундагы келишим коомдук угууларга сунушталган эмес. Эгерде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимдеги талаптарды кыргыз тарап аткара албай калса, ижара мөөнөтү өзгөрбөйт»,-деди Жээналиев .

Эске салсак, 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген.Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатат. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Количество просмотров: 137