Бишкек.16.01.2018.Govori.TV.
Кылмыш кылган адамдын мүлкүн конфискациалоо буга чейин жаза ыйгаруунун бир турү катары колдонулса ал эми азыр жаңы кодексктерге ылайык мүлкүн конфискациялоо, соттук жазанын башка чараларына кирип калды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде болгон маалымат жыйынында жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков билдирди.
«Эгер мурда бир эле соттолгондордун мүлкү конфискация болсо, эми жаңы КПК боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган адамдын да мүлкү конфискацияланышы мүмкүн. 96-берене конфискация тартибин так аныктайт: мүлктү конфискация жана алуу мүлктү кайтарымсыз алып, мамлекеттин менчигине өткөрүү. Ага ылайык айыптоо боюнча чечимдин негизинде кылмыш жасоонун жыйынтыгында алынган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, кылмышты каржылоого арналган же жумшалган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, кылмыш жасоонун жыйынтыгында алынган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, андан түшкөн киреше, анын бир бөлүгүн же баарын башка нерсеге жумшаса башкача айтканда бир жерде бир нерсе уурдап, акчаны адалдандырып (мыйзамдаштырып), аны үй сатып алууга жумшаса, ал уурдаган бөлүгү конфискацияланат», — деди Шүкүрбеков.