• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Өмүрбек Текебаев ИИМге суракка чакырылды

6 Жетинин айы 202215:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Маалыматты Govori.TVга журналист Динар Турдугулова ырастады.

Алдын ала маалыматка караганда, ал Кемпир-Абад боюнча күбө катары суракка чакырылган.

Ички иштер министрлиги сурак тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, Текебаев Германиядан Кыргызстанга «Ата Мекен» партиясынын 30 жылдык мааракесине карата келгени кабарланды.

Количество просмотров: 1121