• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаевди бүгүн № 47 түзөтүү колониясына которушат

9 Үчтүн айы 2019 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.2019.Govori.TV.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди бүгүн № 47 түзөтүү колониясына которушат. Ал дарыланып бүттү. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук кардиология борборунун дарыгерлери Өмүрбек Текебаевдин стационардык дарылануусуна муктаждык жок деп эсептешет. Айтымдарында, ал медициналык процедураларды колониядан ала алат.

ЖАМКтан билдиришкендей, Өмүрбек Текебаевди качан жатак абакка которуларын эсептеше элек. Юристтердин айтымында, мурунку эл өкүлүнүн кармоо режимин ушул жылдын 20-мартынан тарта мыйзамдын негизинде өзгөртүшү керек.

Теги:
Количество просмотров: 5