• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өмүрбекова пандемиянын кесепетиндеги жоопкерчиликти мойнуна алабы жооп берди

21 Аяк оона 2020 23:41 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өттү. Ага «Мекен Ынтымагы», «Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Биримдик» жана «Республика» партиясынан айым талапкерлер катышты. Дебат учурунда «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан  талапкер Венера Осмонбетова мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбековага «пандемия убагында сиз жоопкерчиликтүү кызматта турдуңуз. 1600 адамдын каза болушуна эмне себеп болду?» деген суроо узатты.

«Туура, февраль-март айларында пандемия менен күрөшүү маселесин биздин өкмөт баштаган. Ошол убакта биздин бирден-бир алдыбызда турган максат коронавирусту өлкөгө киргизбөө болчу. Мен ойлойм, биздин көргөн чараларыбыздын негизинде Кыргызстанга вирус марттын ортосунда келди. Эгер иш-аракеттерди жасабасак, январь айында эле илдет жайылмак. Эки ай убакыт даярданууга берилди. Тилекке каршы апрель айында мен кызматтан кеткенден кийин 3 ай биздин жарандарыбыз карантинде отурду. Ошол үч ай маанилүү болчу. Ал эми 1600 адамдын каза болгонуна байланыштуу өз убагында иликтөө жүрөт. Пандемия учурунда кимдин кандай иш жасаганы аныкталат. Менимче, бул жаңы парламент келгенден кийин эң биринчилерден болуп көтөрүлчү маселе.  Иликтөө жүргүзүп, эмне үчүн ушунча өмүрлөр кыйылды? Кимдин кандай ката кетиргени такталат.  Эч ким жоопкерчиликтен качпайт»,-деди Өмүрбекова.

Количество просмотров: 89