• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Маалыматты текшерүүгө жети дубандан чакырык

28 Жетинин айы 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда медиасабаттуулук жумалыгы жыл сайын октябрда белгиленип келет. Бул өнөктүктүн алкагында быйыл өлкөдөгү жогорку окуу жайларда лекциялар өтүлдү.

16-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек, Ош, Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Нарындагы жогорку окуу жайларда медиасабаттуулук жумалыгынын алкагында «Текшердим» деп аталган маалыматтык кампания болуп өттү. Анын максаты – медиа жана санариптик сабаттуулук, сынчыл ой-жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу коомго көбүрөөк маалымат берүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында медиатренерлер фейк маалыматты айырмалай билүү, түрдүү маалымат булактарын талдай алуу жана алардын арасынан ишенимдүүсүн, ынанымдуусун тандай билүү, маалыматка, өзгөчө онлайн түрдө тараган маалыматка сынчыл көз карашта болуу тууралуу айтып беришти. 

«Текшердим» кербенин биринчи лекциясы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинен башталган. Окуу жайда өткөн иш-чарага студенттерден сырткары мектеп мугалимдери да келишкен. Медиа эксперт, «Интерньюстун» өкүлү Айсулуу Текимбаева ачык лекциялар үчүн атайын мамлекеттик жогорку окуу жайлар гана тандалып алынганын белгилейт.

Сүрөттөр ОшМУнун журналистика факультетинин «Фейсбук» баракчасынан алынды.

«Жеке ЖОЖдордо мындай иш-чаралар байма-бай өтүп турат. Ошондуктан жандуу баарлашуу мамлекеттик окуу жайларда да болсун дедик. Бишкек шаарындагы студенттерге салыштырмалуу аймактардагы жаштар аябай активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ачык баарлашып, суроо берип, жооп алып, лекциялар кызыктуу болду», — деди Текимбаева.

«Блогерлик менен журналистиканы айырмалай алышпайт экен»

Асел Шамилова, өздүк сүрөт.

«Медиахаб» коомдук фондунун кызматкери, журналист Асел Шамилова «Текшердим» кербени менен Нарын, Каракол шаарларын кыдырып келген. Мындан тышкары Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы университетинин студенттерине да медиасабаттуулук боюнча ачык лекцияларын өткөн. Шамилова студенттердин суроо-жообунан алардын блогерлик менен журналистиканы жакшы ажырата электигин баамдаган:

«Инстаграмда maalymat.kg, news.kg деген паблик аккаунттар бар эмеспи. Ошолорду ЖМК катары кабыл алып, андагы маалыматтарды көп ылгабай окушат экен, ишенишет экен. Аларга лекция учурунда маалыматтын булагын тактоо, манипуляция, пропаганда, каралоо, бурмалоо, факты менен жеке пикирди айырмалоо жана фактчек тууралуу айтып бердим. Мисалы, Нарында саясатка өзгөчө кызыккан, өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес жаштар бар экени мени кубандырды. Алардан кызыктуу суроолорду да уктум».

«Текшердимге катышып, билим куржунумду толтурдум»

Ачык лекцияларга катышкан мугалим Элиза Акбаралиева жакындан бери өзү иштеген Оштун Ноокат районундагы Нар-Ай орто мектебине медиасабаттуулукту жайылтып келет. Бирок анын бул аракетин жакшы кабыл албаган кесиптештери да болгон. Ага карабай медиасабаттуулук боюнча окутууларга калтырбай катышып жатканын айтат:

«Мектептеги медиабурчкка жооптуу мугалиммин. Ошондон кийин ушул темага кызыгып калдым. Ага чейин социалдык тармактардан көрсөм да жөн эле өткөрүп койчумун. Баары эле медиасабаттуулук деп какшап келет. Ар бирибизге керек жөндөм экен. Анын ичинен биз, мугалимдер балдарга билим берип атабыз. Аларга жеткирүүдө эң алгач өзүбүз медиасабаттуу болушубуз керек деп ойлом».

Сүрөттө оңдон биринчи Элиза Акбаралиева. Өздүк сүрөт.

Элиза Акбаралиева мурдагы окуяларын күлүп эске салды. Айтымында, кандай маалымат колуна тийбесин, анын чын же жалган экенин текшерчү эмес:

«Жакындан бери гана маалыматтын биринчи булагын табыш керектигин билдим. Мисалы, мурда вотсаптан «ушунча адамга таратсаң мындай белек берилет» деген билдирүүлөр келе берчү. Мен аны досторума, тааныштарыма, туугандарыма жөнөтө берчүмүн да. Азыр кайра аларга «таратпагыла» деп эскертип турам. «Текшердим кампаниясынын лекциясына катышып жакшы тажрыйбаларды алдым. Мындай айтканда билим куржунумду толтурдум».

Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу Кубанычбек Таиров алардын окуу жайында мындай иш-чара алгач өтүп жатканын билдирди. Ачык лекцияга студенттерден сырткары жергиликтүү айрым медиада иштеген журналисттер, окутуучулар, карапайым эл да катышкан. Ал коомду агартууда медиасабаттулуктун орду чоң экенин белгилеп, аймактарга бат-баттан өткөрүп  турууну туура көрүп жатат.

«Маалыматты текшерүү практикасы бизде такыр эле жок болчу деп айтуу да туура эмес. Анткени, айрымдарында сынчыл ой-жүгүртүү бар да,  маалыматты кайра-кайра текшерип, өзү барып көрүп, кармап көрүп деген сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жүргөндөр бар. Бирок, азыр бирөөнүн оозунан угуп, биринчи жак, экинчи жак таркатып, анын жыйынтыгы коомдо бир аз башкача көз карашты же болбосо, туура эмес пикирди жаратып коюп жатат», — дейт Таиров.

«Жалган маалыматтын таасири чоң болууда»

«Текшердим» кампаниясы менен ЖОЖдордо лекция уюштурууну демилгелеген, Бишкектеги Америка университетинин окутуучусу Тынымгүл Эшиева окуу жайлар, мектептер мындай жумалыкты колдон чыгарбай, түрдүү иш-чараларды өткөрүшсө деген пикирде.

«Анткени биз жалган маалыматтын, негизи эле маалыматтын таасири абдан чоң экенин көрүп атабыз. Мындай учурда медиасабаттуулук абдан маанилүү болуп турат. Университтер өздөрү да кызыктар болуп, активдүү киришиш керек деп ойлойм. Бирок дайыма эле мындай боло бербейт», — дейт Эшиева.

Мындай ачык лекциялар аталган кампаниясынын бир эле бөлүгү. Анын алкагында өлкөдө көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Мисалы, элге таанымал блогерлер, медиа тармагындагы адистер медиасабаттуулук боюнча чакан тасмаларды даярдады. Бири-бирине эстафета кылып, өздөрү текшерген материалдарды социалдык тармактардагы баракчаларына чыгарып жатышты. Мындан тышкары, төкмө акындар үчүн да иш-чаралар өттү.

«Текшердим» кампаниясына катышкан блогерлердин видеолорунан скриншот алынды.

Атактуулар акысыз көмөктөштү

Ololo media digital агенттигинин өкүлү Курманжан Акиеванын сөзүнө караганда, көп учурда атактуулар кылган эмгегине акы сурашат. Бирок, алардын уюм блогерлерге медиасабаттуулук боюнча контентке сунуштама бергенде акысыз тартылып беришкен. Албетте, алардын жүзү аралашкан материалдарга социалдык түйүндөрдө оң баа берилип, көрүмдүүлүгү жакшы болгон.

«Текшердим» кампаниясына катышкан блогерлердин видеолорунан скриншот алынды.

«Кийин «Медиа сабак» коомдук фонду мектептерде медиабурчтарды уюштурушкан. Ошолордо көптөгөн жаш балдар медиасабаттуулук боюнча контент жасашты. Бул да медиасабаттуулукту жайылтуудагы сонун мүмкүнчүлүк. Үчүнчү ийгилигибиз — Кыргызстандагы ЖОЖдорго ачык лекцияларды уюштурганыбыз. Башында биз жети лекцияны гана пландаганбыз. Бирок, биздин жарыяларыбызды окуп, университеттер өздөрү чалып, аларга да келип кетүүнү суранышты. Ошентип, Бишкектеги бир жана Караколдогу бир окуу жайга да уюштурдук», — дейт Курманжан Акиева. 

Заманбап турмушубузда түрдүү каналдар аркылуу ар бир адам күнүгө океандай көлөмдүү маалыматка туш болот. Албетте, ал аң-сезимге түздөн-түз таасир этет. Саясий кырдаал, экономикалык туруктуулук жана адамдардын ортосундагы мамилелер да андан көз каранды. Ошондуктан ар бир адам медиасабаттуулугун өрчүтүүсү маанилүү.

Автор: Жылдыз Орозматова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 224