• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Маданият министрлиги: Жангарачеваны кызматка алып келүү туурасында кеп болгон жок

4 Бештин айы 2019 16:15 Бишкек Govori.TV

Мурдагы директор Мира Жангарачеваны Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчилигине кайра кайтаруу маселеси тууралуу сөз болгон жок. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Музейдин жамааты менен Сүрөтчүлөр кеңешинин Жангарачеваны кызматына кайтаруу жөнүндө кайрылууларды ала элекпиз. Андыктан күн тартибинде бул маселе жок»,-деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Мира Жангарачева жарандык активисттер 2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналеге каршы аталган министрликтин алдына нааразылык акциясына чыккандан кийин жумуштан кеткен.

Количество просмотров: 101