• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Мадумаров «чет элдик агент» мыйзамы боюнча пикирин билдирди

16 Бирдин айы 2022 17:41 Бишкек Govori.TV

Буга чейин депутат Надира Нарматова чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алуу зарылдыгын, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан кароого киргизүү керектигин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «чет элдик агент» мыйзамы боюнча пикирин айтып, бейөкмөт уюмдарынын да түрлөрү бар экенин белгиледи.

«Социалдык багытта иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар бар. Аларды кандайча биз тыңчы деп айтышыбыз мүмкүн. Эгерде өзүлөрүнүн иштеген жумуштарынын багыты кайсы бир багытта болгон болсо, аларды башка жол менен караш керек. Анан баарын «силер тыңчысыңар» деп койгон менимче жакшы эмес. Кыргыз өкмөтү жасай албаган жумуштарды жасап, кыргыз парламенти көтөрө албай жаткан маселерди көтөрүп, кыргыз коомчулугу түшүнө албаган маселерди түшүндүрүп жаткан бейөкмөт уюмдары бар. Гуманитардык, социалдык тармактарда иштеген, биз аларды көкүрөктөн түртүп, кокуй силер андайсыңар деп айтканга укугубуз жок», — деди Мадумаров.

Количество просмотров: 267