• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров: Элчиликке талапкерлерди комитеттин кароосуна алып келүүнүн кажети жок

26 Үчтүн айы 2022 17:34 Бишкек Govori.TV

Элчиликке талапкерлерди комитеттин кароосуна алып келүүнүн кажети жок болчу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.

«Сабатсыз десе көбү капа болушат. Азыркы жаңы Баш мыйзам менен элчилерди дайындоо боюнча сунушту Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетине киргизүүнүн кажети жок. Эмне үчүн алып келишкени башка маселе, себеби окуган эмес. «Парламент менен президенттин ортосуна чок салган үчүнчү күчтөр бар» деп айтып жатышат. Үчүнчү күчтүн аты жокпу? Кагазды ким киргизди? Демек, өкмөт Конституцияны окубай туруп киргизди же тийиштүү кызматкерлер процедураны билбей, Жогорку Кеңешке алып келди. Ошол эле учурда парламент тарабынан «биздин чечимибиз канчалык күчкө ээ болот жана кайсы мыйзамдын негизинде карайбыз» деген сөз болуш керек эле. Анткени Баш мыйзам боюнча элчилерди дайындоо жана бошотуу жеке адамдын колуна берилген»,-деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, 24-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчилигине Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок ага карабай президент Садыр Жапаров аны кызматка дайындады. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары тармактык комитет жактырбай койгон талапкерди президент кызматка дайындаганына нааразы болушту.

Количество просмотров: 1209