• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Майып балдарын баккан ата-энелерге айлык-акы төлөнөт

5 Үчтүн айы 201910:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.2019.Govori.TV

Кыргызстанда 1-январдан баштап ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан ата-энелерге айлык төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.


Тийиштүү токтомду Өкмөт 2018-жылы ноябрь айында кабыл алган. Документке ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн «жеке ассистент» аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелер же жеке ассистенттерге 4900 сом өлчөмүндөгү айлык төлөнөт. Бул үчүн бюджетте 420 млн сом каралган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, азыр Кыргызстанда 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар, анын – 6 миңи ар дайым көзөмөлгө муктаж.
Улуттук статистикалык комитеттин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт.

Теги:
Количество просмотров: 30