• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Максат ажы Токтомушев: Коронавируска байланыштуу жума намазга тыюу сала албайбыз

28 Бирдин айы 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырган. Буга байланыштуу Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев жума намазга келбегиле деп эч кимге тыюу сала албай турганын ЖМКлардын бирине берген маегинде айтты.

«Так кесе айтам, бул туура эмес жана  таптакыр мүмкүн болбой турган нерсе. Жума намаз күн бул мусулмандардын аябай күткөн күнү. Ал күнү жумага келбе деп эч кимге тыю салып же өтүнүч кыла албайбыз. Жума намаз үйдө эмес, мечиттерде жамаат менен окулуучу намаз. Жөнөкөй күндөрү мечиттерге анчалык эл чогулбайт. Алладан корккон мусулман эркектер бул күнү мечиттерге келүүнү күтүшөт, кубанышат, ага барба дегенге шарият жол  бербейт»,-деп билдирген Максат ажы токтомушев.

Количество просмотров: 575