• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Малайзия университети бөлгөн 20 орунга кайсы ЖОЖдун студенттери өтө алат?

17 Чын куран 2023 11:11 Бишкек Govori.TV

Малайзия университети Кыргызстан үчүн 20 акысыз орун бөлөт. Бул тууралуу XMUM университетинин ректору, профессор Ванг Рюфанг өлкөгө келген иш сапарынын алкагында уюштурулган маалымат жыйында белгилүү болду.

Анын айтымында өлкөдөгү Кыргыз улуттук университетинин жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын студенттери бул орунга талапкер боло алат.

Малайзиянын Xiamen University (XMUM) — Куала-Лумпурдун чет жагында Бандар-Сунсурияда жайгашкан университет. Бул Кытайдын мамлекеттик университети тарабынан түзүлгөн биринчи чет элдик кампус.

The Times Higher Education-2022 Дүйнөлүк университеттердин рейтингине ылайык, XMU (Кытай) Кытайда 23-орунда турат.

US News тарабынан жарыяланган «Дүйнөнүн мыкты университеттеринин рейтингинде 2022» XMU Азияда 43-орунда жана дүйнөдө 278-орунда турат.

Малайзиядагы жаңы кампуска 300 миллион доллардан ашык инвестиция салынган Кытайдын Xiamen университетинин артыкчылыктары менен бирге XMUM искусство, бизнес, илим, технология жана кытай медицинасы боюнча жалпысынан 22 бакалавриат адистиктерин, 7 магистрдик программаларды жана 4 докторлук программаларды сунуштайт.

Бардык окутуу англис тилинде жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 53