• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Мамбетова: Памирлик кыргыздардын Кыргызстандын өкмөтүнө таарынып кетип калышты деген маалымат чындыкка төп келбейт

14 Аяк оона 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек 14.09.2018. Govori.TV.
Былтыркы жылдан бери Нарын облусунда жашап келген памирлик кыргыздардын бир бөлүгү Афганистанга каникулга кетишкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова билдирди.
Анын айтымында, 18 адам кеткен – эки үй-бүлө жана эки бала. Алар Афганистанда калган туугандарына жолугуп, балдары билим алуусун андан ары улантуусу үчүн кайрадан келишмекчи.
Мамбетова кошумчалагандай, алар Кыргызстандын өкмөтүнө таарынып кетип калышты деген маалымат чындыкка төп келбейт.
“Биз күн мурун алар кайрадан Кыргызстанга сапар тартышкандыгы тууралуу маалымат алдык. Азырынча памирлик кыргыздар Кыргызстандын паспортун алуу тууралуу каалоолорун билдирише элек”, — деп билдирди Мамбетова.

Количество просмотров: 59