• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мамин: Казакстан Кыргызстан менен болгон алаканын өнүгүшүнө өзгөчө маани берет

12 Теке 201913:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Казакстан Кыргызстан менен болгон алаканын өнүгүшүнө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон тар форматтагы жолугушууда билдирди. Белгилей кетсек, Аскар Амин бүгүн Кыргызстанга расмий визит менен келди.

«Бизде эки тараптуу форматта тыгыз кызматташа турган ЕАЭБ форматы бар. Анда биз эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилеринде өз ара тил табышып келебиз», — деп билдирди Аскар Мамин.

Ал кошумчалагандай, бүгүн өтүп жаткан кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйынына Казакстан өзгөчө маани берет.

«Жыйындын алкагында эки тараптуу алакаларды алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен ыкма кабыл алабыз деген ишеним бар», — деп билдирди Мамин.

Теги:
Количество просмотров: 19