• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Манас» аэропортуна бараткан жолдо жарыш уюштургандарга айып пул салынды

31 Бугу 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортунун аймагында жарыш уюштурган 5 айдоочу кармалганын Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 айдоочу жолду тосуп коюп, катуу ылдамдык менен жарыш уюштурган.

Айдоочуларга 124-берененин негизинде эреже бузуу боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 7 миң 500 сомдон айып салынды. Ошондой эле ушул өңдүү унаа жарыштарды мындан ары болтурбоо максатында жаштар менен сүйлөшүүлөр болду.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы бул рейддер мыйзамсыз автожарыштарды аныктоо үчүн тынымсыз жүргүзүлүп турарын эскертет.

Теги:
Количество просмотров: 70