Бишкек.06.02.2019.Govori.TV.
«Манас» эл аралык аба майданында 14 каттам кармалууда. Бул тууралуу аба майдандын сайтында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, түнкү каттамдардын баары аткарылган. Ал эми таңкы саат 6дан баштап келген жана кеткен каттамдар жабык. Бүгүнкү күндө 9 учуп кете турган каттам жана учуп келе турган 5 каттам кармалууда. Мындан сырткары Оштон 2 каттам уча албай жатат.
«Манас» аба майданы болжол менен саат 6:30да жабылды. Түндө 10 см ге жакын кар жаады. Учурда учуп конуу тилкесин тазалоо иштери жүрүүдө. Аба майдан саат 9да ачылат», -деп билдиришти аба майдандан.