• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

11 Үчтүн айы 2019 9:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аны Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын «Инстаграмдагы» расмий аккаунту жүргүзүүдө.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат ушул жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат, түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Ак кула” ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт.

Теги:
Количество просмотров: 7