• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

​ Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

21 Кулжа 201920:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

Канулькулов Марат Эдильевич Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү​ буйрукка​ ​Премьер-министр ​Мухаммедкалый​ Абылгазиев​ кол​ койду.

Бүгүн​ Кыргыз​ Республикасынын​ Юстиция​ министрлигинин​ борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы​ орун​ басарын​ Кыргыз​ Республикасынын​ Өкмөтүнүн​ Аппаратынын​ укуктук ​экспертиза​ бөлүм​ башчысы​ Данияр​ Эркимбаев​ тааныштырды.

Маалымдама: Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган.

2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк​ менен​ алектенүү​укугун​ алган.

Теги:
Количество просмотров: 25