• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Маршрутканын эшигин ачып алып заара кылган айдоочу 1000 сом айып пул төлөйт

30 Үчтүн айы 2020 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кичи автобустун эшигин ачып алып заара кылган айдоочуга 1000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кызматтын кызматкерлери айдоочу жашаган Байтик айылындагы үйүнө барышкан. Ага карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 53-беренеси (Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу) боюнча протокол түзүлдү.

Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде №265 кичи автобустун айдоочу унаасынан чыкпай, жолдун боюнда заара кылып жатканда тартылган видео социалдык тармакка тараган.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы кичи автобус «Денвер» ЖЧКсына тиешелүү экенин маалымдаган. №265 кичи автобустун (мамлекеттик номуру B 1924 A) айдоочусу С.К. жумушунан бошотулган.

Количество просмотров: 261