• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Масалиев: Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна кимдин кандай салымы бар бир гана сот аныктайт

9 Тогуздун айы 2019 14:36 Бишкек Govori.TV

Камакта отурган авторитеттүү ууруну эркиндикке туура эмес жол менен чыгаруу кыргыз элинин аброюна шек келтирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышына кимдин кандай салымы бар бир гана сот аныктайт.

Бул жерде кылмыштын табияты бир аз башкача болуп жатат. Тергөөгө саналуу гана адамдар катышкан андыктан ага көп деле убакыт талап кылынбайт. Ошондуктан бул иш тез каралып, сотко жиберилген болушу мүмкүн. Ал эми мурунку президенттин катыштыгы бар-жогун сот далилдейт,-деди эл өкүлү Масалиев.

Количество просмотров: 180