• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Матраимов туулган күнүн белгилеген жээни тууралуу үн катты

2 Тогуздун айы 2019 14:28 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жээни Назик өзүнүн 18 жашын дүркүрөтө Hyatt мейманканасында белгилегени коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы жээнинин баракчасы фейк экенин 24.kg сайтына билдирген.

Анын айтымында, акыркы окуяларга байланыштуу жээни депрессиялык абалга кептелген.

Кыз 18 жашка гана чыкты. Ал болгону залды ижарага алып туулган күнүн өткөрдү. Ага 3-4 курбусун чакырды. Муну эмнеге жактырбай жатышат? Бүгүн болсо фейк жаңылык жарыялашты. Кыз депрессияда жүрөт, үйдөн чыккан жок. Мындай убакта ким жазат? Саясатта биз менен күрөшүшсүн, балдарга тийишпесин. Жооп жазды дегендерге мен 100 пайыз кепилдик менен ал кыз өзү жазган жок деп жооп берем, -деп билдирген Искендер Матраимов.

Количество просмотров: 331