• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Май ташуучулардын нааразычылгы уланууда

3 Чын куран 2018 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03. 04. 2018. Govori.TV

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» өткөрмө бекетинде күйүүчү май ташыган унаалар  нааразычылык акциясын уланып жатат. Учурда 200 чукул унаа токтоп турат. Бирок жолду тосуу сыяктуу мыйсамсыз кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирикмесинен Чолпонбек Жанбаев билдирди.

Анда белгилүү болгондой, айдоочулар 1-апрельден тартып күчүнө кирген өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтомуна каршы болушууда. “Токтом боюнча, кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек. Күйүүчү май ташыгандар өкмөттүн токтомундагы ушул жоболорго каршы чыгып, ал оор жүк ташуучулардын жана элдин кызыкчылыктарына жооп бербей, камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыгын коргой турганын айтып жатышат. Ошондой эле тарифтер Казакстандын статистикалык маалыматтарынын негизинде бекитилип калганын, негизги жоболор камсыздандыруу эрежелерине каршы келерин айтышууда»,-дейт бирикменин өкүлү.

Алар белгилешкендей, 2,5 тоннага чейинки салмактагы оңой күйө турган суюк зат ташыгандар бир жылдык полис үчүн 5-10 миң сомдун тегерегинде акы төлөсө, 20 тоннадан ашкан күйүүчү май ташуучулар 60 миңден 120 миңге чейин төлөшү мүмкүн. Ал эми күйүүчү май тарткан унаалардын дээрлик 80 пайызы 30 тоннадан жогорку салмакты ташый алат.

Количество просмотров: 9