• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мэрия айдоочулардын бир дагы талабына көнбөйт

2 Чын куран 2018 12:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02. 04. 2018. Govori.TV
Бишкек шаардык мэриясы каттамга чыкпай койгон кичи автобустар тууралуу билдирүү таратты.
«Жүргүнчү ташуу кызматын көргөзгөн фирмалар жана айдоочулар 1-апрелде күчүнө кирген «жүргүнчү отурган отургучтарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу» мыйзамына каршы чыгышууда. 
Мыйзамга ылайык ар бир отургучту камсыздандырууга  жылына 136 сом 60 тыйын төлөнүш керек. Бул мыйзам жол кырсыгына кабылган кичи автобустардын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо жана кырсык болгондон кийин компенсация төлөо максатында кабыл алынган. Ошондуктан мэрия айдоочулардын жана фирма кожоюндарынын бир дагы талабына көнбөйт»-деп билдирет Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы.
Учурда Бишкекте 40 жүргүнчү ташуучу фирма кызмат көргөзөт. 120 маршруттук каттам бар. Бир күндө 2700 кичи автобус жумушка чыгат. Көпчүлүгу камсыздандырылган эмес.
Количество просмотров: 20