• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Медеткан Шеримкулов: “Конституцияга шашылыш өзгөртүү киргизбөө керек”

15 Үчтүн айы 2019 17:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүп, ага коомдук-саясий күчтөрүнүн мүчөлөрү жана бир катар мурунку жогорку кызматты аркалаган инсандар катышты.

Легендарлуу парламенттигнтөрагасы Медеткан Шеримкулов бул конференцияга келип, өз оюн билдирди. Анын айтымында учурда шашылыш түрдө конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок.

“Менин оюм мындай. 2010-жылы кабыл алынган конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбейт деп белгиленген. Бирок, 2016-жылы айрым өзгөртүүлөр киргизилди. 2020-жылга карата республикабызга кандай конституция керек? Мындан кийинки мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик бийликтин түзүлүшү, иштөө шарттары, функциялары тууралуу маселелерди азыр шашпай, конституцияга киргизип, эл менен талкуулап туруп, ошонун негизинде кабыл алсак, көптөгөн жылдар бою ошол мыйзамдын чегинде иштей берсе болот”,-деди Шеримкулов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн коомдук саясий күчтөрдүн үчөлөрү конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өткөрдү. Талкууда башмыйзамга жаңылоо киргизүү боюнча референдум өткөрүү сунушталды.  

Количество просмотров: 33