Бишкек.25.01.2019.Govori.TV.
Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматына суракка кирип, Амантур Жамгырчиев менен бетттешкени боюнча КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
«Эртең менен саат 10-до Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматына суракка кирип кеткен Мээрбек Мискенбаев азыр араң чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады. Бирок, өзү байланышка чыга элек»,-дейт өкүл.
Мискенбаев эртең суракка кайра чакырылганы тууралуу айтылууда.
Бүгүн 25-январда эртең менен саат 10:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан суракка чакырылган “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев суракка кирген.