Бишкек. 06.04.2019. Govori.TV
КСДП нын XVIII съездине келген Мээрбек Мискенбаев курултайды өткөрүүгө бийлик тараптан кысым көрсөтүлгөндүгүн “Govori.TV” агенттигине айтып берди.
Анын айтымында партиянын мүчөлөрүнө түрдүү коркутуулар болгон.
“Жакында эле “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съезди өттү. Анын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов эмне кылып жаткандыгын өзү деле түшүнбөйт. Жээнбековдордун буйругун аткарып жатат”,-деди Мискенбаев.
Асылбек Жээнбековдун КСДП нан чыгып кеткендиги тууралуу кеп козгоп, “Жээнбековдор куу адамдар”,-деди. Бул жерде дагы бир нерсени ойлоп коюшканын билдирди.
Кошумчалай кетсек, бүгүн 6-апрелде КСДПнын 18-съезди жабык эшиктин артында өтүүдө.