• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын медал алды

25 Кулжа 2022 10:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Бул тууралуу Азаттык билдирет.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарова айлампа тартибинде үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын тең ири эсеп менен утту. Биринчи айлампада индиялык Аржу Аржуну 11:1, экинчи айлампада өзбекстандык Азода Эсбергенованы 10:0, үчүнчүдө казакстандык Альбина Кайргелдинованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, алтын медал тагынды.

Бул күнү күрөштүн бул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Буга чейин 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы төрт атаандашын утуп, 23 жашка чейинкилер арасында мөөнөтүнөн мурда Азия чемпиону аталган. Андан сырткары бул күнү 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы жана 59 килограмм салмакта Сезим Жуманазарова коло байгенин ээси болду.

Кыз-келиндер күрөшүнөн сырткары 24-июнда грек-рим күрөшү боюнча үч салмакта таймаштар өтүп, Азат Салидинов (87 кг) менен Эрмек Каныбек уулу күмүш байгенин ээси болушту. Күрөштүн бул түрүнөн кечээ, 23-июнда кыргызстандык балбандар үч алтын, төрт күмүш байгеге ээ болгон. Жалпы таймаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы 10 салмактын ичинен үч алтын жана алты күмүш байге алып, командалык эсепте 1-орунду ээледи (205 упай). 2-орунду Индия (160 упай), 3-орунду Казакстан алды(160 упай).

Количество просмотров: 219