• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мэр Манас проспектисин көрктөндүрүүнү тапшырды

24 Бугу 20239:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Манас проспектисин көрктөндүрүү боюнча шаардык кызматтардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, аталган проспектини көрктөндүрүүнү тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеде калаа башчысы шаардык кызматтардын жетекчилерине бардык жарнамаларды эрежеге жана жобого ылайыкташтыруу керектигин айтып, жетекчилердин көңүлүн проспектидеги тосмолордун абалына бурду.

Мындан тышкары, Эмилбек Абдыкадыров Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Манас проспектисинин боюндагы бардык кире бериш топторду жана тепкичтерди иретке келтирүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 64