Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбердиев COVID-19га каршы «Синофарм» кытай вакцинасынын экинчи дозасын алды, деп билдирет муниципалитеттен.
Эскерте кетсек, эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт жана аны каалоочулардын ар бири ала алышат. Сиздерди түшүнүүчүлүккө жана жарандык тилектештикке чакырабыз, вакцина — өзүңө жана жакындарыңа кам көрүү.
«Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен «Эмдөө» ишеним номерине: 313297 жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот», — деп айытлат маалыматта.