• Бейшемби 21 Үчтүн айы 2021

Мэрия: Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда

14 января 2021 в 14:52 Бишкек Govori.TV

“Тазалык” муниципалдык ишканасы, борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 8:00дө болжол менен 164 тонна техникалык туз сарпталды.

“Ошондой эле Бишкек шаарында таштандыларды тазалаганга туруктуу 640ка жакын көчө тазалагыч, 123 жүктөгүч жана санитардык тазалоо кызматкерлери бар, жүздөн ашуун адамдан турган топ катуу тиричилик калдыктары тазалашат. Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы таза шаар үчүн күрөш жүрүп жатат, калган аймактарда карды, музду тазалоо, унаа жолдоруна жана тротуарларга туз себүү үчүн шаар мэриясынын WhatsApp номерине: 0554 182 185 же : 1840 жана 1850 күнү-түнү чалуу номерлерине кайрылууга боло тургандыгын эскертет.

Количество просмотров: 37